Бир канча өлкөлөрдө Сириянын желеги алмаштырылды

Сириянын желектери элчиликтин имараттарынан алынып, ордуна үч жылдыздуу оппозициянын желеги орнотулууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Москвада флагшток дагы эле бош, жаңы полотно илине элек.

Ал эми Стамбулда, Испанияда, Сауд Арабиясында жана Афиныда үч кызыл жылдызы бар жашыл, ак жана кара түстөгү жаңы желек илинди. Асаддын тушундагы Сириянын желеги кызыл, ак жана кара түстө эки жашыл жылдыздуу болчу.

Эске салсак, сириялык козголоңчулар ишембиде Дамаскка келип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесин басып алышкан. Андан соң Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын кабарлаган.

Ошондой эле Сириянын экс-президенти Башар Асад Москвага келип, Орусия ага башпаанек бергени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан