Израил Сириянын аскердик чалгын менен бажы башкармалыгынын имараттарына абадан сокку урган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, Дамасктын батышындагы Меззе авиабазасы тарапта жарылуулар болуп, курал-жарак сакталган кампаларга сокку урулган.
Аскердик объектиге жасалган сокку базадагы курал-жарак согушкерлердин колуна өтүп кетиши мүмкүн деген кооптонуулар менен байланыштырылып жатканын Израилдин Kan мамлекеттик телерадиокомпаниясы ишенимдүү булагына таянып билдирген.
Эске салсак, сириялык козголоңчулар ишембиде Дамаскка келип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесин басып алышкан. Андан соң Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын кабарлаган.
Ошондой эле Сириянын экс-президенти Башар Асад Москвага келип, Орусия ага башпаанек бергени маалым болду.