Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан өлкөдөгү сириялык качкындар мекенине кайта аларын билдирди. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазышты.
TRT'нын маалыматына караганда, Фидан расмий Анкара Сириянын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө чоң маани берерин баса белгилеген. Ошол эле учурда министр Асаддын режиминин кулашы сириялык качкындардын кайтып кетүүсүнө жол ачып жатканын айткан.
"Өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болгон миллиондогон сириялыктар эми үйлөрүнө кайта алышат. Биз региондогу жана анын тышындагы бардык катышуучуларды аймакты мындан да чоң туруксуздукка алып келбеши үчүн кылдат жана сабырдуу аракеттенүүгө чакырабыз", - деген ал.
Мындан тышкары Фидан оппозициялык күчтөрдү бириктирүү зарылдыгын белгилеген. Анын айтымында, Түркия коңшу өлкөлөр менен бирге бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, Сирияны калыбына келтирүү аракетинде иштешүүнү улантат.
Hurriyet гезитинин жазганына караганда, Түркияда 2 миллион 938 миң сириялык качкын жашайт.
Белгилей кетсек, 27-ноябрда куралдуу козголоңчулар Сирия армиясынын Алеппо жана Идлиб провинцияларындагы тутумдарына каршы кеңири масштабдагы чабуулун баштаган. 7-декабрда алар бир нече ири шаарларды (Алеппо, Хама, Дараа жана Хомс) басып алышкан жана борбор калаа Дамаскка чейин кирип келишип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесинен Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын жарыялашкан. Сириянын өкмөт башчысы Мухаммад Гази аль-Жалали бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүгө даяр экендигин билдирген. Ал эми президент Башар Асад өлкөдөн чыгып кетип, Орусиядан башпаанек алганы белгилүү болду.