Анкара колдогон оппозициялык Сириянын улуттук армиясы күрттөрдүн карамагындагы Манбидж шаарын толугу менен басып алды. Бул тууралуу Түркиянын мамлекеттик Anadolu агенттигинин билдирүүсүнө таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, операция учурунда күрт аскерлерине абадан да сокку урулган.
Hürriyet гезитинин маалымат булактары билдиргендей, Түркия күрттөрдүн Жумушчу партиясынын (ПКК) согушкерлерине каршы аскердик операцияларын улантат.
Түркия колдогон кошуундар (алар өзүлөрүн Сириянын улуттук армиясы деп аташат) "Хайят Тахрир аш-Шам" исламчыл тобу жетектеген козголоңчулар менен бирге Сириядагы Асаддын режимине каршы күрөшкө катышкан.
Белгилей кетсек, 27-ноябрда куралдуу козголоңчулар Сирия армиясынын Алеппо жана Идлиб провинцияларындагы тутумдарына каршы кеңири масштабдагы чабуулун баштаган. 7-декабрда алар бир нече ири шаарларды (Алеппо, Хама, Дараа жана Хомс) басып алышкан жана борбор калаа Дамаскка чейин кирип келишип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесинен Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын жарыялашкан. Сириянын өкмөт башчысы Мухаммад Гази аль-Жалали бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүгө даяр экендигин билдирген. Ал эми президент Башар Асад өлкөдөн чыгып кетип, Орусиядан башпаанек алганы белгилүү болду.