Бишкекте жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулдарын банк карталары аркылуу өз жеринде төлөй алышат. Мындай маалыматты бүгүн, 6-январда Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз борбору таратты.
Маалыматка ылайык, мындай жаңы эреже административдик чараларды көрүүдө айдоочулар менен натыйжалуу иш алып баруу үчүн киргизилип жатат.
"Мындан ары "Демир Банк", "Виза", "Элкарт" жана "Мастеркарт" карталары бар айдоочулар эрежени бузганда айып пулду жол-кайгуул кызматкеринин жанындагы көчүрмө кассалык аппарат аркылуу төлөй алышат. Бул учурда алардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт" деп жазылат маалыматта.