Асаддын армиясындагы 4 миңден ашуун жоокер Иракка качып кирди

Сирияда оппозиция Дамаскты басып алып, Башар Асаддын режимин кулаткандан кийин 4 миңден ашуун сириялык жоокер Ирактын чек арасын кесип өттү. Бул тууралуу Associated Press (AP) маалымат агенттиги жазды.

Ирактын куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн айтымында, сириялык жоокерлер курал-жарактарын, ок-дарыларын жана бронетранспортёрлорун тапшырып, андан соң белгисиз жердеги лагерге жайгаштырылды.

Ирактын коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, жекшембиге караган түнү Сириянын Хасака провинциясынын губернатору башпаанек издеген аскерлер колоннасы менен чек арага келген. Бул топтун Иракка “Аль-Каим” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу кирүүсүнө уруксат берилген жана Ирак тарап да Сирия аскерлеринин киришине тоскоол болгон эмес.

Буга чейин Ирактын шиит бөлүктөрү, анын ичинде "Катаиб Хезболла" Сирия оппозициясынын мизин кайтаруу үчүн чек араны кесип өтүп, Сирияга басып киребиз деп коркутушкан. Ирактын коргоо министри ошондой эле Сириядагы кырдаал Багдадга коркунуч туудура баштаса, басып кирээрин эскерткен, бирок акыры ирактыктар кандайдыр бир чара көрүүдөн карманышты.

Сирия оппозициясы 8-декабрда Башар Асаддын режимин кулаткан. Асад өзү Орусияга качып кеткен. Кийинчерээк Орусиянын Тышкы иштер министрлиги режимдин мурдагы лидери Москвада баш калкалаганын ырастады.

Ошол эле учурда БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк 2011-жылдан бери жүз миңдеген адамдын өмүрүн алган жарандык согуш учурунда Асад жана башка сириялык жооптуу кызматкерлердин жоопко тартылышы керектигин айтты. Ал "жаңы Сириянын" Рим статутун ратификациялай аларын баса белгилеп, Эл аралык кылмыш сотуна бул кылмыштарды кароого укук берерин белгиледи. Анын айтымында, Асаддын жана анын өкмөтүнүн башка жетекчилеринин эл аралык адилеттүүлүктү талап кылган оор кылмыштарга тиешеси бар деп айтууга олуттуу негиздер бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан