Сирияда өлкөнүн жарандар үчүн нан, бензин жана газды арзан баада сатып ала турган товардык карталар иштебей калды. Бул тууралуу РИА Новостигие Латакиянын тургуну билдирген.
Басылмага телефон аркылуу байланышка чыккан жашоочу азыр сириялыктар бул товарларды базардан кымбат сатып алып жатышканын айтып, мурунку бийликтин тушунда өлкөдө жарандар үчүн белгилүү өлчөмдө нанды, бензинди, газды арзан сатып алууга мүмкүнчүлүк берген мамлекеттик карталар күчүндө болгонун белгилеген. Ошондой эле ал адамдар муктаждыктан улам алтындарын сатып жатышканын кошумчалаган.
Эске салсак, Сирия оппозициясы 8-декабрда Башар Асаддын режимин кулаткан. Асад өзү Орусияга качып кеткен.