"Паранжага тыюу салынабы?" Дин комиссиясынын директорунун жообу

Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов депутат Гулшаркан Култаеванын "паранжага тыюу салынабы?" деген суроосуна жооп берди.

Жыйында "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан.

"Мыйзамда паранжа же никаб деп айтылбайт. Жалпысынан адамдын жүзүн таанууга тоскоол болгон кийимдер тууралуу айтылган. Бул бет кап, паранжа, никаб деле болушу мүмкүн", - деди Юсупов.

Ошондой эле ал өлкөгө келген туристтер дагы муну түшүнүү менен кабыл алат деген ишенимде экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан