Казакстандагы эмгек мигранттары эми ай сайын 25 доллардан мамлекеттик казынага салык төлөшөт

Казакстандагы эмгек мигранттары ай сайын 25 доллар мамлекеттик салык төлөөгө милдеттенме алышты. Бул тууралуу казакстандык ММКлар Алматы шаарындагы миграциялык башкармалыкка шилтеме берип жазып чыгышты. 
Маалыматка ылайык, Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусиядан келген эмгек мигранттары физикалык жактар аркылуу гана жумушка орношо алышат. Жумуш берүүчү салыктардан бошотулуп, киреше алган мигранттар өлкөнүн казынасына 25 доллар салык төлөшөт. Бул көмүскө сектордогу мигранттарды легалдаштырууга багытталган. 
Мындан сырткары 1-февралдан тарта Казакстанда иштөөнү каалагандарды каттоо башталарын кошумчалашкан. 
Салык төлөө банк аркылуу жүргүзүлүп, мигранттар миграциялык полицияга төлөгөндүгү тууралуу квитанция алып келишет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан