Түштүк Кореяда мурдагы министр өз жанын кыюуга аракет кылды

Түштүк Кореянын мурдагы коргоо министри Ким Ён Хён абакта өз жанын кыюуга аракет кылган. Учурда анын ден соолугу жайында экенин Yonhap агенттиги жазды.

Ким Ён Хён 3-декабрда Түштүк Кореяга аскердик абалды киргизүү планын ишке ашыргандардын бири болуп эсептелет. Ал аскердик абал жоюлгандан кийин коомчулуктан кечирим сурап, кызматынан кеткен жана мамлекет башчысына өлкөгө аскердик абалды жарыялоону сунуштаганын ырастаган.

Сеул прокуратурасы аны мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен камакка алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан