Эртең, 7-январда Бишкекке Сауд Арабия падышалыгынын делегациясы келет

7-9-январда Сауд Арабия падышалыгынын Тышкы иштер министринин орун басары Халед бин Сауд бин Халед Аль Сауд баштаган делегация иш сапары менен Бишкекке келет. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда КРнын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, 8-январда КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Ошондой эле Жогорку Кеңеште жана өкмөттө жолугушуулар күтүлмөкчү. Жолугушууларда эки тараптуу кызматташтыктын маселелери талкууланат жана эки өлкө ортосундагы башкы келишимге кол коюлат. 
Эскерте кетсек, ханзаада Халед бин Сауд бин Халед Аль Сауд –  Сауд Арабия падышалыгынын 1975-1982-жылдары башкарган Халеда бин Абдель Азиз Аль Сауддун небереси.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан