АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Сирияда президент Башар Асадды кулатууга катышкан "Хайят Тахрир аш-Шам" исламчыл тобун чет элдик террордук уюмдардын тизмесинен чыгарууну караштырып жатат. Бул тууралуу NBC News телеканалы Американын жогорку кызмат өкүлдөрүнө таянуу менен билдирди.
Телеканалга эки аткаминер "уюмду тизмеден чыгаруу жакынкы убакта болушу мүмкүн" дешсе, үчүнчүсү талкуу али алгачкы баскычта экенин айткан. Ошондой эле аткаминерлер бул аракет дүйнө коомчулугунун Сириядагы жаңы өкмөт менен өз ара иштешүү жолуна ээ болушу үчүн жасалып жатканын кошумчалашкан.
Эгер АКШ ХТШ тобун террордук уюмдардын тизмесинен чыгарса, анда мурда топтун лидери Абу Мухаммад аль-Жулани тууралуу маалымат үчүн берилүүчү он миллион доллар сыйлык да жокко чыгарылат.
Белгилей кетсек, 27-ноябрда куралдуу козголоңчулар Сирия армиясынын Алеппо жана Идлиб провинцияларындагы тутумдарына каршы кеңири масштабдагы чабуулун баштаган. 7-декабрда алар бир нече ири шаарларды (Алеппо, Хама, Дараа жана Хомс) басып алышкан жана 8-декабрда борбор калаа Дамаскка чейин кирип келишип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесинен Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын жарыялашкан. Ал эми президент Башар Асад өлкөдөн чыгып кетип, Орусиядан башпаанек алганы белгилүү болгон.