"Макулдашып бүтүрдүк". Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча Жогорку Кеңеште билдирүү жасады

Бүгүн, 11-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасынын такталган картографиясы Жогорку Кеңешке январь айынын ичинде киргизилерин билдирди.

Ал учурда карта чийилип жатканын, өзү эки күндөн кийин Тажикстанга бара турганын айтты.

"Биз тажик тарап менен чек араны толук такташып, макулдашып бүтүрдүк. 11-декабрда картографияны сызып даярдап баштайбыз. Мен дагы 2 күндөн кийин кетем. Январдын ортолору же аягына чейин парламентке алып киребиз. Бардыгы ачык-айкын болот. Ар бир тилке, айыл, жер, көпүрө боюнча отчёт берүүгө даярмын. Кудай буюрса, чек ара эки тараптуу, достук келишимде чечилди. Эми чек ара чечилгенде "сен уттуң, мен уттум" деген сөз болбошу керек", - деди Ташиев.

Белгилей кетсек, УКМКнын башчысы 4-декабрда Тажикстандын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов менен жолушгушуу өткөрүп, чек ара маселеси чечилип, учурда кагаз иштери калгандыгын билдирген.

"Макулдашып бүтүрдүк". Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча Жогорку Кеңеште билдирүү жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан