Кремль Сириянын мурдагы президенти Башар Асаддын ал жактан эвакуацияланышы боюнча комментарий бербейт. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдиргенин чет элдик басылмалар жазууда.
"Бул тема боюнча мен мурда айтылгандарга кошумчалай турган сөзүм жок", - деген ал.
Буга чейин Песков Орусиядан башпаанек алган Асад Москванын кайсы жеринде экенин ачыктай албасын билдирген. Ал эми чет элдик басылмалар Асад Москвадагы "Москва Ситиде" болушу мүмкүн деп жазып чыгышкан. Маалыматта анын жакындары 2019-жылы эле "Москва Ситиден" 40 миллион долларга 19 батир сатып алышканы айтылат.
Белгилей кетсек, сириялык козголоңчулар ишембиде Дамаскка келип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесин басып алышкан. Андан соң Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганы кабарланган. Бул арада өлкөдөн чыгып кеткен мамлекет башчысы Орусиядан башпаанек алгандыгы айтылган.