Ноокат районунда билим берүү мекемелеринин январь айындагы усулдук окуусу башталды

Бүгүн, 6-январда Ноокат районундагы Н.Крупская орто мектебинде райондун чыгыш аймагында иштеген мугалимдердин катышуусу менен 17 предмет боюнча усулдук окуу болуп өттү. Усулдук окууга Көк-Бел, Н.Исанов, Кеңеш, Т.Зулпуев, Кыргыз-Ата, Кара-Таш, Мирмахмудов, Жаңы-Ноокат айыл өкмөттөрүндөгү жана шаар аймагындагы бардык предметтин мугалимдери катышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн басма сөз катчысы Зайнабидин Мамасадыков билдирди. 
Маалыматка ылайык, жылдагы усулдук окуудан айырмаланып быйылкы секциялык бөлүмдөрдүн ар бирине бирден райондук билим берүү бөлүмүнүн атайын өкүлдөрү  дайындалып, алар секциялык иштердин өтүү сапаттарына байкоо жүргүзүштү. 

Усулдук окуудан соң секция башчылары жана райондук билим берүү бөлүмүнүн атайын өкүлдөрү менен биргеликте талкуу-кеңешме өткөрүлүп, өзөктүү ойлор ортого салынды. Жыйын соңунда Райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Осмонали Көчкөнбаев бул кеңешмеден кийин сөзсүз атайын иш-чаралар уюштурулуп, кетирилген кемчиликтерди жоюу багытында иштер жүргүзүлүүсү зарыл экендигин белгиледи. 
Усулдук окуу эми райондун батыш аймагында жайгашкан мектептерде да уланмакчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан