Курманбек Бакиевдин жактоочусу Конституциялык сотко өтүнүч менен кайрылды

Кыргызстандын Конституциялык соту качкын президент Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгы боюнча өтүнүчтү карай турганын кабарлады. Бул туурасында соттун маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, өтүнүч мурдагы президенттин жактоочусу Икрамидин Айткулов тарабынан берилген. Анда Бакиевге карата козголгон Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин бир нече беренелеринин Конституциядагы беренелердин бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө айтылган.

“Жактоочу КЖПКтын талашылып жаткан ченемдеринде тергөө органдарынын сырттан айып коюу жана кылмыш ишин айыптоо актысы менен сотко жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуучу ченемдердин жоктугун көрсөтөт, бул анын пикири боюнча, айыпталуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузат.

Мындан тышкары укук колдонуу практикасынын тараптардын тең укуктуулугу принцибине ылайык келбегендигине көңүл бурат, бул айрым учурларда тергөө айыпталуучунун турган жери аныкталганга чейин токтотулуп, ал эми кээ бир учурларда укуктук аныксыздыкты жаратуу менен тергөө сырттан уланып жаткандыгы менен түшүндүрүлөт.

Ошондой эле ал тараптардын тең укуктуулук жана атаандаштык принциби Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдар айыпталуучунун сырттан чыгарылган сот актыларын кайрадан каратуу жана процесстин бардык баскычтарына катышуу укугун кепилдөөсүн талап кылаарын көрсөтөт”, - деп айтылат маалыматта.

Конституциялык сот жогоруда көрсөтүлгөн өндүрүшкө кабыл алынган кайрылууну карап чыгып, өндүрүшкө кабыл алынган күндөн тартып алты айдын ичинде акт чыгара тургандыгын билдирген.

Белгилей кетсек, 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылган. Ал жакындары менен Кыргызстандан чыгып кеткен. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Бакиевдин жеке өзүнө жана жакындарына каршы он чакты факт боюнча айып тагылган. Курманбек Бакиев соттун чечими менен жалпысынан 30 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан