“Теңме-тең бөлүштүк”. Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча комментарий берди

Бүгүн, 13-декабрда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат берди. Анда илгертен талаш болуп келген жерлер теңме-тең бөлүшүлгөнүн айтып, чек ара посттору качан ачыларын белгилеген.

“Эки өлкөнүн ортосунда чек ара меселесин делимитациялоодо бир жактын кызыкчылыгын жогору коюп чечип алуу деген болбойт. Сөзсүз бирдей кызыкчылык болуш керек. Талаш жерлерде да тил табыштык десек болот. Анткени илгертен талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду. Азыр кагаз иштери аяктоо алдында турат.

Кудай буюрса, эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин аяктап кол коюп келишсе, тышкы иштер министрлери кол коюшат. Андан кийин парламенттерден ратификациядан өтсө эки президент кол коёбуз. Ошону менен бүтөт. Орто Азия өлкөлөрүнүн арасында чек ара талаш маселеси болбойт. Башка коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесин тактап бүткөнбүз. Башка Орто Азия өлкөлөрү да бири-бири менен делимитация маселесин бүтүшкөн”, - деп белгилеген президент.

Мындан тышкары Садыр Жапаров Тажикстан менен чек ара постторунун ачылышына токтолгон.

“Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин бүтөрү менен ачылат. Жергиликтүү элдин талабы да бизге ушундай болчу. Делимитация иштери бүткөндө ачкыла деген. 3 жылдан бери чек ара посттору жабык турат. Мындан эки тарап тең экономикалык зыянга учурады. Соода-сатык токтоп калды. Эми чек ара постторун ачып, эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыкты эң жогорку деңгээлге чейин чыгарышыбыз керек", - деп кошумчалаган өлкө башчысы өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 4-декабрда Тажикстандын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов менен жолушгушуу өткөрүп, чек ара маселеси чечилип, учурда кагаз иштери калгандыгын билдирген. Ошондой эле ал чек аранын такталган картографиясы Жогорку Кеңешке январь айынын ичинде киргизилерин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан