Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рүстөнбеков “Улуттар биримдиги” партиясынын саясий кеңешинен чыгуу тууралуу арыз жазды. Ал өз арызында президент Алмазбек Атамбаевдин жаңы жыл алдындагы маалымат жыйынын көрүп, анын жүргүзүп жаткан саясатын туура деп тапканын, ошондуктан оппозициялык партиянын курамынан чыгуу чечимин кабыл алганын билдирген.
“Мен өлкөнүн патриоту катары азыр талашып-тартышуунун убактысы эмес деп ойлойм. Биз мамлекет башчысынын тегерегине биригишибиз керек. Ар бирибиз өлкөнүн өнүгүүсүнө салымыбызды кошуубуз зарыл. Ушул себептен улам “Улуттар биримдиги” партиясынан чыгуу боюнча чечим кабыл алдым. Мен өлкөнүн бүт күчтөрүн Кыргыз Республикасынын өнүгүүсү жана бекемдөөсү үчүн биримдикке чакырам!” деп жазылат анын арызында.
Эскерте кетсек, “Улуттар биримдиги” партиясы Ош шаарынын мэрлигине Мелис Мырзакматовду талапкер катары 3-январда сунуштады.