Германиянын канцлери Ангела Меркель Швейцарияда лыжа тээп жүрүп травма алды. Маалыматка таянсак, анын жамбаш сөөгүнөн жарака кеткен. Буга байланыштуу Меркелдин алдыда пландалган 3 күндүк расмий жолугушуулары токтотулду. Эскерте кетсек, канцлер жакында жеңил автокырсыкка да учураган эле. Ал ичинде бара жаткан лимузин Берлинде аварияга учурап, бирок эч ким оор жаракат алган эмес.
Жакында лыжа тээп жүргөн жеринен атактуу германиялык автожарышчы Михаэль Шумахер да оор жаркат алган. Абалы дагы деле оор бойдон экени айтылууда.