Ош облусунундагы Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол иштеп баштады. Бул туурасында облустук жетекчиликтен маалымдашты.
"Жаңы бүткөн Өзгөн айланма жолу кызмат көрсөтүп баштады. Бул жол – каалоочулар үчүн шаарга кирбей өтүп кетүүгө альтернативдик жол катарында инвесторлор тарабынан курулган. Мындай жолдор өнүккөн өлкөлөрдө колдонулат, Кыргызстанда биринчи жолу практикаланууда", - деп белгиленген маалыматта.
Мурда айтылгандай, айланма жол жеке инвесторлор тарабынан салынып, өлкөдөгү акы төлөнүүчү алгачкы жол болуп саналат.
- Жеңил унаалар үчүн – 200 сом;
- Жүк ташуучу унаалар жана автобустар үчүн – 350 сом;
- Оор жүк ташуучу унааларга – 700 сом.
Белгилей кетсек, аталган жолдун ачылышына президент
Садыр Жапаров катышкан. Ачылышынан көп өтпөй жабылып, анын себеби
айтылган.