Бүгүн, 16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башка кызматка кеткендигине байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров өзү кол койгон.
Маалым болгондой, Жапаровдун ордуна Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Ал эми буга байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Facebook баракчасы аркылуу Акылбек Жапаровдун өкмөт башчы катары аткарган кызматына жогору баа берди.
Белгилей кетсек, Жапаров өкмөттү 2021-жылдын 13-октябрынан бери башкарып келди. Ал өлкө тарыхындагы эң узак мөөнөткө иштеген премьер-министрдин бири болуп калды.
Акылбек Жапаров саясатка качан келген? Анын ишмердүүлүгү тууралуу кененирээк билгиңиз келсе ссылканы басыңыз.
Төмөндөгү сурамжылоодо Акылбек Жапаровдун кандай иштегенине өз бааңызды бере кетиңиз.