Камчыбек Ташиев президенттикке талапкерлигин коёбу? Өзү жооп берди

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 2 жылдан кийин президенттик шайлоого барбайт. Бул туурасында атайын кызматтын жетекчиси бүгүн, 17-декабрда маалымат жыйынында билдирди.

Ташиев кийинки шайлоодо президент Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой тургандыгын баса белгиледи.

"Президенттик орун бирөө эле. Президент Садыр Жапаров натыйжа көрсөтүп иштеп жатат. Анын эки жолу шайлоого катышууга мыйзамдуу укугу бар. Андыктан мен ал кишини колдойм. Мурунку чиновниктердин баарын көрдүк", - деп билдирди УКМК башчысы.

17.12.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан