Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан 2014-жыл "Ош облусунун айылдык аймактарынын инфраструктурасын өнүктүрүү жылы" деп жарыяланды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков "мен облустун бардык аймагына барып чыктым. Негизинен чечиле турган окшош маселелер абдан көп экен. Бүгүнкү күндө биз мына ушунун үстүндө иштөөбүз зарыл. Айыл жергесинде эң эле жөнөкөй маселелерге көңүл бурулбай жаткандыгын көрүп жатабыз. Эл менен жолугушуу учурунда да көчөгө шагыл төгүү, аялдамаларды оңдоо, көчөлөргө жарык берүү, сейил бактарды калыбына келтирүү сыяктуу маселелер көп айтылат. Ошондуктан биз 2014-жылды "Ош облусунун айыл аймактарынын инфраструктурасын өнүктүрүү жылы" деп жарыялоону чечтик. Айылдык жашоочуларга кам көрүү, айыл турмушун жакшыртуу бул - учурдун жана элдин талабы" деп билдирген.