Экономика жана коммерция министринин милдеттерин аткаруучу болуп Бакыт Сыдыков дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Бүгүн, 18-декабрда өлкө башчынын маалымат кызматы билдиргендей, эми Сыдыковдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Сыдыков президенттин администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалап келген.
Буга чейин экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 16-декабрда башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.