Экономика министри Данияр Амангелдиев кызматынан жогорулады

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул туурасында президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, президенттин жарлыгы менен Амангелдиев кызматынан бошотулган. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулганы кабарланган. Анын ордуна төраганын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан