Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин бүгүн, 18-декабрдагы жыйынында министрлерге кайрылып, адилеттүү иштегенге көзү жетпегендер арыз жазып кеткени оң экенин билдирип өттү.
Ал жетекчилер эртели-кеч кызматтан кетерин эскертип, чын жүрөктөн, ак ниет, таза иштеп берүүгө чакырды.
"Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, эл калат" дейт кыргыз эли, биз дагы кетебиз, сиздер дагы мөөнөтүңүздөр аяктаганда кетесиздер. Мамлекетибиз, элибиз гана түбөлүк калат. Бийлик алмашат жаңылар келет, эскилер кетет турмуш өзү ушундай. Эң башкысы эл кызматына татыктуулар, чынчылдар, мекенчилдер келип элибизге ак кызмат кылып берсе болду. Элибизге таза, чын жүрөктөн ак ниет иштеп берели.
Министрлерге айтарым, араңыздарда көп жылдан бери иштеп келе жаткандар бар. Мурунку заманды унуткула! Ар бир жетекчи өз тармагыңарды иретке келтиргиле. Коррупциялык элементтерди, уурулукту түп тамыры менен жок кылгыла. Таза иштегиле! Эгер таза, адилет иштегенге көзүңөр жетпесе, эрте эле арызыңарды жазып кетип калганыңар өзүңөргө жакшы", - деди өлкө башчы.