Парламент интернетте бирөөнү мазактап же кемсинткендерге айып салуу мыйзамын кабыл алды

Бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында интернет же ЖМК аркылуу кимдир бирөөнү кемсинткен, жалаа жапканы үчүн айып пул салууну караштырган мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоо тапты.

Жыйында сунушталган мыйзам долбооруна 68 депутат "макул", ал эми 4 депутат "каршы" деп добуш берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген аталган мыйзам долбоору ЖМКлар жана онлайн платформалар аркылуу жасалган мазактоо жана кемсинтүүнү азайтуу максатын көздөйт.

Мыйзам күчүнө кирген учурда жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул каралган.

Жогорку Кеңеш 19.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан