Элдик курултайдын улуттук кеңешинин төрагалыгына Мыктыбек Абдылдаев шайланды

Бүгүн, 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда улуттук кеңештин төрагасы жана анын эки орун басары шайланды. Улуттук кеңештин төрагасы болуп Мыктыбек Абдылдаев шайланды, ал курултайга баштан-аяк жетекчилик кылат. Ал эми анын орун басарлыгын Асанбек Абдыкапаров жана Акылсайра Жумагазиева аркалайт.

Учурда Абдылдаев курултайдын бүгүнкү күн тартибин бекитти. Ага ылайык, күн тартиби эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүктө президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сөз сүйлөйт. Экинчи бөлүгү түшкү тыныгуудан кийин башталып, анда аймактардан келген делегаттар баяндамаларын айтат.

Курултайдын биринчи күнү жумага туура келгендиктен делегаттар үчүн жума намазын мечитте окуп келүүсүнө атайын автобустар каралды. Ошондой эле курултайдын бүгүнкү ишин саат 19:00гө чейин кылып узартышты.

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында үчүнчү Элдик курултай өтүүдө. Ага жер-жерлерден келген 698 делегат катышып жатат.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинини мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү катышууда.

Белгилей кетсек, былтыр экинчи Элдик курултайда да улуттук кеңештин төрагасы болуп Мыктыбек Абдылдаев шайланган.




Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан