Кытайлык продюсер, миллиардер Шао Ифу 106 жашында каза тапты

"Шао уюму" медиакорпорациясынын негиздөөчүсү, продюсер, миллиардер Шао Ифу бүгүн, 7-январда Гонконг шаарында өз үйүндө каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары билдирди.

Белгилей кетсек, Шао Ифу 1907-жылы 23-ноябрда туулган. Ал өз агалары менен 1924-жылы Сингапурда "Шао" уюмун негиздеген. Андан кийин 50-жылдардын соңунда Гонконгдо "Shaw Brothers Studio" аталышындагы кинокомпанияны, 60-жылдары болсо "Television Broadcasts" телестудиясын негиздеген.

Шао Ифу - бир гана бай адам эмес, кайрымдуулук иштеринин активдүү катышуучусу. Ар кандай медициналык жана билим берүү тармактарына жүз миллиондон ашык доллар тартуу кылган. 2002-жылы медиамагнат азиялык “Нобель" сыйлыгын негиздеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан