Бүгүн, 20-декабрда президент Садыр Жапаров III Элдик курултайдын катышуучуларына кайрылып, сын-пикирлерди трибунада ачык айтууга чакырды.
“Эч кандай каршылык жок. Курултайдын трибунасында кимди сүйлөтөсүңөр, эл менен кеңеш чечет. Эч ким чапаныңарды чечип калбайт. Бир тал чачыңар да түшпөйт. Курултай элдин оюн трибунага келип ачык айтуу үчүн өткөрүлөт”, - деп билдирди мамлекет башчысы.
Ошондой эле сөз эркиндиги бар экендигин билдирген мамлекет башчысы Жогорку Кеңеш жалган жалаа үчүн айып салуу мыйзамын кабыл алганын белгилеп, факт менен гана айтылган сын-пикирлер болушу керектигин эскертти.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда III Элдик курултайдын биринчи күнү старт алды. Ага аймактардан шайланып келген 698 делегат катышууда.