30-декабрда төрөлгөн үч эмге бийлик тараптан эч кандай көңүл буруу боло элек

“Азырынча бийлик тараптан ал-абалыбызды сурап эч ким кайрыла элек. Журналисттер гана келип жатышат”,- деп билдирди бүгүн, 7-январда үч эмди жарыкка алып келген жаш эне Бактыгүл Молдотаева.

Анын айтымында, учурда эки ымыркайын дарыгерлер колуна беришкен. Ал эми үчүнчүсү, аз салмакта төрөлгөн кызы азырынча интенсивдүү терапия бөлүмүндө жатат. 

Эске салсак, Жаңы жыл алдында, тагыраак айтканда, 30-декабрда саат 15:00дөр чамасында Бишкек шаардык перинаталдык борборунда 4 эм, 2 кыз, 2 уул төрөлгөн. Тилекке каршы, жакшы өрчүбөгөндүктөн, эркек балдардын бири жатындан чыга электе эле чарчап калган. 

2-январда ымыркайлардын жана эненин ден соолугун билүү максатында перинаталдык борборго баш бакканыбызда жаш эне улардан тышкары үйдө 6 жаштагы кызым жана 3,5 жаштагы уулум бар. Жолдошум куруучу болуп иштейт. Келечек жаңы конушунда батирде турабыз. Эми үйгө чыксак, 5  бала менен бир бөлмөдө кыйналам го деп ойлонуп жатам" деген оюн билдирген эле. 
Бишкектеги 4 эм төрөгөн эненин абалы жакшы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан