Ош жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 8-январга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарында массалык түрдө иш-чаралар өткөн аймактарга милиция кызмактерлери жооптуу катары дайындалган. Алар жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн иш алып барышат.
Мындан сырткары түзүлгөн ыкчам топтор, элдик кошуундун өкүлдөрү да милиция кызматкерлерине коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшүүдө.