Башар Асаддын ооруп жаткан аялы ажырашууга арыз бергени кабарланды

Сириянын мурдагы президенти Башар Асаддын жубайы Асма Асад Москвада күйөөсү менен ажырашууга арыз берип, Улуу Британияга дарыланууга кеткени жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, рак оорусу менен жабыркап жаткан Асма Асад дарыланууну Улуу Британиядан улантууну көздөп жатат. Ал жакка жетиш үчүн ага Башар Асад менен ажырашууга туура келет, болбосо ал Улуу Британияга киргизилбейт. Мындан улам ал Москвада Башар Асад менен ажырашуу үчүн арыз берген.

Асма Асад Улуу Британиянын жараны экенин белгилей кетүү керек. Бирок ага Башар Асаддын тушундагы коррупцияга байланыштуу санкциялар киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан