Гренландиянын премьер-министри Трампка катуу жооп кайтарды

Гренландиянын премьер-министри Муте Эгеде АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын Вашингтондун аралга ээ болушунун "абсолюттук зарылчылыгы" жөнүндөгү сөздөрүнө жооп кылып, Гренландия эч качан сатылбайт деп билдирди.

"Гренландия биздики. Биз сатылган эмеспиз жана эч качан сатылбайбыз. Эркиндик үчүн узак күрөшүбүздү токтотпойбуз", - деп жооп берген ал агенттиктердин бирине.

Буга чейин Трамп АКШнын Гренландияга ээ болушун "абсолюттук зарылчылык" деп атаган болчу. Ошону менен Даниядагы Американын жаңы элчисин, АКШнын Швециядагы мурдагы элчиси жана ишкер Кен Хауэрини дайындоо чечимине комментарий берген.

Гренландия 1953-жылга чейин Даниянын колониясы болгон. Ал падышалыктын бир бөлүгү бойдон калууда, бирок 2009-жылы өзүн-өзү башкаруу жана ички саясатта өз алдынча тандоо мүмкүнчүлүгү менен автономия алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан