Муфтий Рахматулла Эгембердиев бүгүн, 7-январда кызматтан кетүү боюнча Уламалар кеңешине арыз жазды. Муну муфтияттан билдиришти. Анын кызматтан кетишине өзүнө байланышкан акыркы окуялар себеп болуптур.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын 30-декабрында youtube дүйнөлүк видеопорталына "глава ДУМК Рахматулла Эгембердиев" деген аталыштагы порнотасма жарыяланган. Анда Кыргызстандын муфтийи Рахматулла Эгембердиевге түспөлдөш адамдын бир айым менен энеден туума жылаңач "сүйүү отуна" батып жаткан учуру чагылдырылган эле. Бул боюнча комментарий берген муфтий тасмадагы өзү жана никелүү аялы экенин танбай турганын айткан. Макала менен бул жактан толук таанышсаңыз болот.