Орусиянын Мусулмандарынын дин башкармалыгынын Уламалар кеңеши көп аял алууга уруксат берген фатвасын чакыртып алды. Бул тууралуу кеңештин төрагасы Шамил Аляутдинов өзүнүн Telegram-каналынан билдиргенин орус басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, кеңеш фатваны коомчулукта болуп жаткан ар кандай пикир келишпестиктерди болтурбоо үчүн артка кайтарган. Анткени буга чейин ЖМКлар чагылдырып, Башкы прокуратуранын сунушу да түшкөн.
Эске салсак, буга чейин Орусиянын Уламалар кеңеши күйөөсү бардык аялдарга адилеттүү жана бирдей мамиле кылган шартта орус мусулмандарына төрткө чейин диний нике кыюуга уруксат берген болчу.