Түркияда бир түндө 350 полиция кызматкери иштен бошотулду

Түркиянын өкмөтү 350 полиция кызматкерин жумуштан бошотуу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кызматтан бошотулгандардын басымдуу бөлүгү террорчулук, коррупция, чалгындоо, уюшкан кылмыштуулукка байланышкан иштерди иликтешкендер экени белгилүү болгон. 

Буга чейин массалык кызматтан бошотуулар Стамбул шаарында болуп, анда 30га жакын адам иштен кеткен. Өткөн жылы декабрь айында Түркияда коррупцияга каршы бир нече рейддер жүргүзүлгөн. Натыйжада 50дөн ашык адам камакка алынып, алардын арасында үч министрдин жана жеке ишкерлердин балдары да бар болгон. 

Кызматтан кеткен 30 полиция кызматкеринин арасында коррупциялык иштерди иликтегендер да болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан