Өкмөттө бүгүн, 7-январда “Кумтөр” маселеси боюнча жыйын өтүүдө. Такталбаган маалыматка таянсак, ага өкмөт мүчөлөрү жана бир катар мекеме, ишканалардын башчылары катышып жатат. Эскерте кетсек, 6-январда президент Алмазбек Атамбаев “Кумтөрдү” иштетүү боюнча өкмөт Жогорку Кеңешке 23-декабрда сунуштаган келишим долбоорунда орой каталар бар экенин билдиргени айрым маалымат булактарында жарыяланган. Келишим өлкө кызыкчылыгына төп келбей турганын айткан президент аны Жогорку Кеңештен чакыртып алууну өкмөткө тапшырганы айтылган болчу.