– Өлкөдө кандай камсыздандыруу түрлөрү бар жана алар региондордун муктаждыктарына канчалык ылайыкташкан?
– Кыргызстанда 16 камсыздандыруу компаниясы иштеп жатат, анын бирөө мамлекеттик, калганы жеке менчик компаниялар. Учурда 6 милдеттүү камсыздандыруу түрү бар. Алардын эң актуалдуу экөөсү – “Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу” жана “Айдоочулардын жоопкерчилигин камсыздандыруу”. Бул эки багыт боюнча камсыздандыруу системасы активдүү иштеп жатат.
Турак жайды милдеттүү камсыздандырууда шаардагы тургундар жылына 1200 сом төлөйт, ал эми айыл жериндегилер үчүн бул сумма 600 сом. Эгер камсыздандырылган үйгө зыян келтирилсе, шаардыктар 1 миллион сомго чейин, айыл жериндегилер 500 миң сомго чейин компенсация алышат. Баалар 2015-жылдан бери өзгөрүлгөн жок.
Айдоочулардын жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу дагы 2015-жылдан бери күчүндө. Бул мыйзам чет өлкөлүк жарандарга да тиешелүү: алар Кыргызстанга кирип, автоунаа айдаганда камсыздандыруу полисин алышы керек.
2023-жылдын 1-апрелинен тартып, юридикалык жактардын жана мамлекеттик автоунаалардын айдоочулары үчүн камсыздандыруу милдеттүү болду. Ал эми жеке адамдар үчүн бул талап 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
– Камсыздандыруу аймактагы ишкерлерге, айрыкча айылдык жана алыскы райондордо кандай пайда алып келет?
– Камсыздандыруу орто жана чакан ишкерлер үчүн коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүү жолу. Милдеттүү түрдө камсыздандыруу 6 түрдө бардык жарандар үчүн бирдей шарттарда каралган.
Ишкерлер өз каалоосу менен бизнесин, мүлкүн, ден соолугун же өмүрүн камсыздандырууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул камсыздандыруу компаниясы менен ишкердин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашат. Шарттар шаарда болобу же айылда болобу – бирдей. Камсыздандыруу ишкердин чыгымдарын азайтып, күтүүсүз кырдаалдарда чоң колдоо көрсөтө алат.
– Аймактардын жашоочулары камсыздандырууга кандай көңүл бурушууда жана алардын катышуусу кандай?
– Бүгүнкү күндө камсыздандыруу рыногунун жарымынан көбү кыймылсыз мүлктү камсыздандырууга байланыштуу. Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча республикада 219 миң келишим түзүлгөн. Учурда жарандарга 27 миллион сомдон ашык төлөм жүргүзүлгөн. Айдоочулардын жоопкерчилигин камсыздандыруу жаатында 145 миң келишим түзүлүп, 25 миллион сомдон ашык төлөм төлөнгөн.
– Региондордо ишенимдүү камсыздандыруу компаниясын кантип тандоого болот?
– Камсыздандыруу боюнча маалыматтар азыр электрондук түрдө жеткиликтүү. Мобилдик тиркемелер, мисалы, Мбанк, О банк жана Мегапэй аркылуу камсыздандыруу полисин оңой сатып алса болот. Ал жакта компаниялардын тизмеси берилет, каалаганын тандап, иштөөгө болот.
Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынан тышкары, 15 жеке компания иштейт. Алардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнүп турат, жылдык отчеттору жана капиталдык талаптары текшерилет. Милдеттүү камсыздандыруу үчүн компанияда 150 миллион сом капиталы болушу керек. Ыктыярдуу камсыздандыруу үчүн бул талап 30 миллион сом.
– Калктын арасында камсыздандырууну жеткиликтүү кылуу жана ишенимди арттыруу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?
– Майыптуулугу бар жарандарга жана ардагерлерге турак жайды милдеттүү камсыздандырууда 50-100% жеңилдиктер каралган. Эгер камсыздандыруу окуясы катталса, жеңилдикке карабай, компенсация толук көлөмдө төлөнөт.
2023-жылдын 1-декабрына чейин камсыздандыруу келишимдеринин саны боюнча Ош облусу алдыда – 74 761 келишим. Андан кийин Жалал-Абад – 53 895, Чүй – 35 515. Башка аймактарда да кызыгуу өсүүдө.
Бүгүнкү күндө биздин кызмат, камсыздандыруу компаниялары жана Камсыздандыруу ассоциациясы калкка маалымат жеткирүү, механизмдерди түшүндүрүү боюнча активдүү иштеп жатат. Бул иштин жыйынтыгында, былтыркыга салыштырмалуу быйыл келишим түзгөндөр көбөйдү. Камсыздандыруу – бул жарандарды коргогон мыйзам. Тарифтер азырынча ылдый бойдон калууда, анткени процесс этап-этабы менен ишке ашырылууда.
– Камсыздандыруу айыл чарба жана мал чарба тармагындагы тобокелчиликтерди азайтууда кандай роль ойнойт?
– 2021-жылы Кыргызстанда малды камсыздандыруу боюнча пилоттук долбоор башталган. Бул программа Нарын облусундагы Ак-Талаа, Нарын жана Жумгал райондорунда ийгиликтүү жүргүзүлүп бүттү.
Быйыл Ош жана Баткен облустарында ушул эле пилоттук долбоордун негизинде иш жүрүп жатат. Программа негизинен тоют маселесине байланыштуу жана кыш эрте түшкөн, мал узак убакыт бою кол караган аймактар үчүн ылайыктуу. Бул мал чарбадагы тобокелчиликтерди азайтууга жардам берүүчү маанилүү кадам.
– Кыргызстанда камсыздандыруу рыногунун өнүгүү тенденциялары кандай? Алыскы райондордо бул кызматтарды кеңейтүү үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?
– Кыргызстанда 6 милдеттүү камсыздандырууга байланыштуу мыйзамдар 2008-жылдан бери иштеп келет. Финансы рыногун жөнгө салуу кызматы жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Анда камсыздандыруу жаатындагы төлөмдөрдү жакшыртуу жана эл аралык тажрыйбаны колдонуу каралган. Бул мыйзам азыр Жогорку Кеңештин кароосунда.
Алыскы райондордо камсыздандыруу кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн электрондук платформалар колдонулууда. Камсыздандыруу полистерин Мбанк, О банк жана Мегапэй сыяктуу тиркемелерден сатып алууга болот.
– Жарандар өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн камсыздандырууну кандайча натыйжалуу пайдалана алышат?
– Табигый кырсыктар көбөйүп жаткандыктан, турак жайды сөзсүз камсыздандырып коюу зарыл. Айыл жергесиндеги камсыздандыруу баасы жылына 600 сомду түзөт, бул айына болгону 50 сом. Бул сумма кокус кырсык болгондо турак жайды оңдоого чоң жардам берет.
Бирок камсыздандыруунун мөөнөтү бир жылга гана жарактуу. Андыктан, жыл сайын келишимди жаңыртуу керек. Бизге мындай кайрылуулар көп келет: "Үйүмдү былтыр камсыздандыргам, быйыл унутуп койсом, сел алып кетти. Эми эмне болот?" Тилекке каршы, камсыздандыруу полиси жаңыртылбаса, төлөм берилбейт.
“Кудай сактанганды сактайт” деген сөздү унутпайлы. Камсыздандыруу – бул күтүүсүз кырдаалдарда коопсуздук кепилдиги.
Маегиңизге рахмат!