Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге көңүл айтты  

Президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге Азербайжандын жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы бүгүн, 25-декабрда билдирди.

"Көптөгөн адамдардын курмандыктарына алып келген азербайжандык жүргүнчү учагынын трагедиялуу кыйрашы тууралуу бүгүнкү суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана ушул трагедиянын кесепетинен жабыр тарткандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалайм.

Орду толгус жоготуунун аза-кайгысын тең бөлүшөм", - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Белгилей кетсек, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык учак Бакудан Грозныйга учуп баратып Казакстанда кулагандыгы айтылган. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Учакта Казакстан, Азербайжан, Орусия, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары болгондугун айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан