Казакстанда кырсыктаган учак: Алиев Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Азербайжан менен Орусиянын мамлекет башчылары Илхам Алиев менен Владимир Путин Актауда болгон Баку-Грозный учак кырсыгынан кийин телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Азербайжан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Илхам Алиев учакта баратканда Владимир Путинге телефон чалып, Санкт-Петербургдагы КМШнын бейформал саммитине катыша албасын түшүндүргөн.

Мамлекет башчылары бири-бирине авиакырсыкка байланыштуу каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалашкан.

Белгилей кетсек, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык учак Бакудан Грозныйга учуп баратып Казакстанда кулагандыгы айтылган. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Алардын 37си Азербайджандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон. Акыркы маалыматтар боюнча эки кыргызстандык аман калганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан