Казакстанда кырсыктаган учактан эки кыргызстандык аман калгандыгы айтылды

Казактандын Актау аймагына жакын жерде кырсыкка учурап, кулап түшкөн учактан аман калган эки кыргызстандык боюнча маалымат берилди. Бул туурасында маалымат Казастандын Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жайгаштырылган.

Ал эми үчүнчүсү боюнча азырынча маалымат тактала элек.

Ооруканага жеткирилгендер боюнча: Орусиянын 10 жараны, Азербайжандын 14 жараны, Кыргызстандын 2 жараны, Германиядан 1 адам (жарандыгы белгисиз), дагы экөөнүн жарандыгы белгисиз.

Белгилей кетсек, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык учак Бакудан Грозныйга учуп баратып Казакстанда кулагандыгы айтылган. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Алардын 37си Азербайджандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан