Орусиянын президенти Владимир Путин КМШ мамлекет башчылары менен жолугушууда Казакстандын Актау шаарында болгон учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты.
"Бүгүн Актауда кырсык болду. Анда каза болгондор да, жарадар болгондор да бар. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандардын бардыгына көңүл айтам. Казакстан менен сүйлөшүп, тез арада Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы медицина кызматкерлери жана жабдуулары менен Казакстанга жөнөтүлөт", - деди Путин КМШга мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусунда.
Белгилей кетсек, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык учак Бакудан Грозныйга учуп баратып Казакстанда кулагандыгы айтылган. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Алардын 37си Азербайджандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон. Акыркы маалыматтар боюнча эки кыргызстандык аман калганы белгилүү болду.