Муфтий Рахматулла Эгембердиев өзүнө байланышкан порнотасманы жайылтууга шектүү саясатчылардын аттарын атады

Муфтий Рахматулла Эгембердиев бүгүн, 7-январда “АКИпресске” маек берип, өзүнө байланышкан чуулгандуу видеотасманы жайылтууга кайсы саясатчылардан шекший турганын айтты.  

“Булар президенттин атына жамынып отурган саясатчылар. Алар: Икрам Илмиянов (Президенттик аппараттын башчысынын орун басары), Абдулатиф Жумабаев (Президенттин алдындагы Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы) жана Орозбек Молдалиев (КРнын Президентинин Жогорку Кеңештеги өкүлү)”,- дейт муфтий. 

Айтымында, жогоруда аталган адамдар 2012-жылы Мусулмандар курултайында, тактап айтканда, муфтий шайлоодо кысым көрсөтүшкөн.

“Курултайдын алдында алар мага “мамлекеттик машинага” каршы чыкпашым керектигин айтышкан. Мен аларга: “Биз Советтер Союзу учурунда эмес, демократиялуу доордо жашап жатабыз. Конституцияда жазылуу, аткаминерлер дин иштерине кийлигишпөөсү керек” деп жооп бергем”,- дейт Эгембердиев. 

Муфтий бүгүн, 7-январда кызматтан кетүү боюнча арыз жазды.

Эскерте кетсек, 2013-жылдын 30-декабрында youtube дүйнөлүк видеопорталына "глава ДУМК Рахматулла Эгембердиев" деген аталыштагы порнотасма жарыяланган. Анда Кыргызстандын муфтийи Рахматулла Эгембердиевге түспөлдөш адамдын бир айым менен энеден туума жылаңач "сүйүү отуна" батып жаткан учуру чагылдырылган эле. Бул боюнча комментарий берген муфтий тасмадагы өзү жана никелүү аялы экенин танбай турганын айткан. Макала менен бул жактан толук таанышсаңыз болот.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан