Азербайжанда 26-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды

Бүгүн, 25-декабрда Баку – Грозный каттамын аткарган Embraer 190 учагынын кыйрашына байланыштуу Азербайжанда 26-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу азер басылмалары жазышууда.

AZERTAC агенттигинин маалыматына ылайык, мындай буйрукка Азербайжандын президенти Илхам Алиев кол койду.

"Кырсыктан каза болгондордун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, эртең, 26-декабрда Азербайжандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялоону чечтим", — деп айтылат президенттин буйругунда.

Белгилей кетсек, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык учак Бакудан Грозныйга учуп баратып Казакстанда кулагандыгы айтылган. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Алардын 37си Азербайжандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон.

Белгилүү болгондой, кыргызстандык жарандардын баары кыйроодон аман калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан