Актауда кулаган учак: Орусия жаракат алган жарандарын алып кетти (видео)

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык учак Казактанда кырсыкка учураган учактан жаракат алган өз жарандарын мекенине алып кетти. Бул туурасында орус басылмалары кабарлады.

Маалымдалгандай, 9 жаран эвакуацияланган, алардын бири жаш бала.

“Кыйраган учактын жүргүнчүлөрүнүн абалы оор, бирок алар ташууга жарамдуу. Бортто бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлөт”, - деп билдирген ӨКМдин анестезиолог-реаниматологу Виктор Белинский.

Эскерте кетсек, кечээ, 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта ​​кулап түшкөн. Учактагы 38 жүргүнчү каза болуп, 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жеткирилгендиги айтылган.

Орусия жаракат алган жарандарын алып кетти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан