Казакстандын Бакудагы элчилигинде желек жарым ылдый түшүрүлдү. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Өлкөнүн Азербайджандагы элчиси Алим Байел өз комментарийинде дос кыйынчылыкта билинерин айткан.
Ошондуктан Казакстан менен Азербайжан кубанычын да, кайгыны да бирге бөлүшөт.
Эскерте кетсек, 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта кулап түшкөн. Учактагы 38 жүргүнчү каза болуп, 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жеткирилгендиги айтылган.