Казакстанда кырсыктаган учак: Азербайжан учак орусиялык ракета менен атып түшүрүлгөнүн билдирди

Кечээ, 25-декабрда Актауда кыйраган азербайжандык авиакомпаниянын учагы Орусиянын жер-аба ракетасы менен атып түшүрүлгөнүн Euronews агенттиги Азербайжан өкмөтүндөгү булактарына таянып жазды.

Агенттиктин маалыматына караганда, ракета учакты Грозныйга кондуруу аракети маалында атылган, ошол учурда алар дрондун чабуулун кайтарып жатышкан. Ракета болжолдуу түрдө учактын жанында жарылып, анын сыныктары учакка зыян келтирген.

Euronews телеканалы өз булактарына таянып, учкучтардын шашылыш конуу өтүнүчүнө карабай жабыркаган учакка Орусиянын бир дагы аэропортуна конууга уруксат берилбей, Каспий деңизи аркылуу Казакстандын Актау шаарына учуп чыгууга буйрук берилгенин кабарлады.

Эскерте кетсек, 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта ​​кулап түшкөн. Учактагы 38 жүргүнчү каза болуп, 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жеткирилгендиги айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан