Казакстандын соту Актаудагы "Azerbaijan Airlines" учагы кыйраган жерде фото жана видеого тарткан блогер Азамат Сарсенбаевди он күнгө камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу блогер Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Сарсенбаев 25-декабрда кармалганын өзү маалымдап, анын кырсык болгон жерден тарткан сүрөттөрү дүйнөнүн эң ири ММКлары тарабынан колдонулганын белгилеген.
Ички иштер министрлиги блогер коомдук тартипти бузганы үчүн кармалганын билдирди.
"Ал окуя болгон жерде дрон учуруп, куткаруу кызматынын ишине жана тергөө иштерине тоскоолдуктарды жаратып, ошондой эле милиция кызматкерлеринин талаптарын аткарган эмес. Учурда блогер РИИБге жеткирилип, ага карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, кечээ, 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта кулап түшкөн. Учактагы 38 жүргүнчү каза болуп, 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жеткирилгендиги айтылган.