Кечээ, 25-декабрда болгон авиакырсыкка байланыштуу Кыргызстандын Казакстандагы Элчилиги тарабынан жабыркаган Кыргызстандын жарандарына ар тараптуу жардам көрсөтүү боюнча ыкчам чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматта эки кыргызстандыктын өмүрүнө коркунуч жаралбаганы айтылган. Ал эми үчүнчү кишинин абалы оор экендиги кошумчаланды.
"Азербайжандын, Орусиянын жана Казакстандын дарыгерлеринин консилиумунда аны жасалма дем алдыруучу аппаратка кошуу чечими кабыл алынды. Операция абалы жакшырганда гана жасалат", - деп айтылат маалыматта.
Маалымдалгандай, Мангистау облусундагы кыргыз диаспорасы жабыркагандарга көмөк көрсөтүп, байланышта болуп жатат. 28-декабрда аман калгандардын жакындары Казакстанга барат.
Эскерте кетсек, кечээ, 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта кулап түшкөн. Учактагы 38 жүргүнчү каза болуп, 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жеткирилгендиги айтылган.